Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:11
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ИИМ «SOS» мобилдик тиркемесин киргизүүнү пландаштырууда

28.03.2023 15:50
251
ИИМ «SOS» мобилдик тиркемесин киргизүүнү пландаштырууда



Бүгүн, 28-март күнү Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Кырдаалдык борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдады.


Ачылыш аземине Ички иштер министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Суюнбек Ниязбеков, Бишкек шаарынын Мэринин орун басары Мурат Осмонов, Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Нишанбаев жана борбор калаанын үч районунун акимдери катышты.

Белгилей кетсек, 2020-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын ИИОнун өнүктүрүү стратегиясынын программасын ишке ашыруунун алкагында Бишкек ШИИББнын Коомдук коопсуздук кызматынын Кырдаалдык борбору түзүлгөн.


Азыркы учурда, оңдоо иштери жүргүзүлүп, байланыш техникасы жаңыртылып, “102” кызматынын операторлорунун иштөө шарттары түзүлдү. Бул борбор “102” кызматы боюнча чалууларды кабыл алган кызматкерлер күнү-түнү кызмат өтөшөт. 

Суюнбек Ниязбеков катышкандардын бардыгын Кырдаалдык борбор — “102” кызматынын иши менен тааныштырып, шаардагы окуялар тууралуу телефон чалуулар ушул диспетчердик пунктка келип түшүп, андан кийин милициянын кайгуул кызматкерлерине берилээри тууралуу маалымдады.


Ошондой эле, “Бишкек шаарынын милициясынын карамагында турган Кырдаалдык борбор – бул шаардагы ыкчам кырдаалды көзөмөлдөөнүн жана координациялоонун натыйжалуу системасы, ал өз кезегинде коомдук тартипти сактоого, ошондой эле кылмыштардын бетин ачууга оң таасирин тийгизет” – деп баса белгиленди.

Мындан тышкары, инсанды жүзүн идентификациялоо камераларынын жардамы менен мурда кылмыш жасагандыгы үчүн изделип жаткан объектти таануу аркылуу реалдуу убакыт режиминде видеобайкоо жүргүзүлөт. 

Катышуучулар системанын кылмыш же укук бузуу белгиси болгон учурда, унутулган нерселерди табууда жана ушул сыяктууларда кандай иштээрине кызыгышты. Билдирилген ар бир кырдаал боюнча борбор калаанын милиционерлери системанын ишин монитордун экранында көрсөтүштү. Ошондой эле, бул системанын иштөөсүнөн улам укук бузуулардын алдын алуу гана эмес, алардын жүрүү маршрутун издөө менен кылмышкерлерди изин суутпай табууга да мүмкүн экендигин белгилешти.


Өз кезегинде Суюнбек Ниязбеков Кырдаалдык борбордун ишин санариптештирүү саясаты өз жемишин берип, жарандарыбыздын жашоосуна таасирин тийгизип жаткандыгынын айкын көрсөткүчтөрүнүн бири болорун баса белгиледи. 

“Ар бир бала бакчанын, мектептин, короонун жана райондун коопсуздугун заманбап технологияларды колдонуу менен камсыздоо менен биз милициябыздын жаңы образын түзө алабыз", — деп министрдин орун басары Суюнбек Ниязбеков өз сөзүн жыйынтыктады.


Ошондой эле, «SOS» мобилдик тиркемесин киргизүү пландаштырылууда, ал милицияга кыздарды ала качууда, балдарды уурдоодо, адам өлтүрүү коркунучунда, жарандарга кол салууда, транспорт каражатын мыйзамсыз ээлеп алууда, массалык мушташууда жарандарга ыкчам жардам көрсөтүүгө жардам берет, жарандар кнопканы басуу менен Кырдаалдык борборго кайрыла алышат. Мобилдик аппарат өз алдынча болуп жаткан окуялардын аудио жана видео жазуусун борборго жөнөтүлөт. 

 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн