Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ИИМ: Сокулук районунда “гашиш” баңгизатын сатууну көздөгөн шектүү кармалды

11.08.2023 15:19
355
ИИМ: Сокулук районунда “гашиш” баңгизатын сатууну көздөгөн шектүү кармалды


21-июлда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылында 1983-жылы туулган Н.Ж.Т. шектүү жаран кармалды. Колундагы жүгүндө (полимер пакети) 166 брикет «гашиш» баңгизаты табылып алынган. Таңгак менен жалпы салмагы 2 кг 120 граммды түздү, деп айтылат аталган мекеменин маалыматында.


Кармалган жаран КР ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” кылмыш иши козголду.


Азыркы учурда жана бул кылмышка тиешеси бар адамдарды жана баңгизаттарды келип түшүү каналдарын аныктоо максатында мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн