Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:47
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ Ө.Суваналиевдин кайрылуусу боюнча тактоо киргизди

20.08.2020 18:34
1070
ИИМ Ө.Суваналиевдин кайрылуусу боюнча тактоо киргизди


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчүндө экенин билдирип, депутаттыка талапкер, мурдагы министр Өмүрбек Суваналиевдин кайрылуусу боюнча тактоо киргизди.


Билдирүүдө шайлоо өнөктүгүнүн алдында талапкерлер ар кандай популисттик билдирүүлөрдү жасаганы этикага туура келбеси айтылат. Ошондой эле 2020-жылдын7 ай 20 күн ичинде ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалгандардын ичинен 8  адам криминалдык чөйрөдө жогорку статусун алып жүргөндөр экендиги аныкталганы кабарланат.


Мындан сырткары, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмыштуу жол менен табылган кирешелерин легалдаштырууга  бөгөт коюу багытында КЖКнин 215-беренеси менен 6 сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө. 7 айда жалпысынан 55 кылмыш иши кылмыштардын жана жоруктардын  бирдиктүү реестрине катталып, азыр тергөө жүрүп жатканы айтылат.

 

Төмөндө билдирүүнү өзгөртүсүз беребиз:

 

“Кайрадан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан эр азаматтарыбыз уюшкан кылмыштуулуктун бийликке, коомго тийгизген таасирлери тууралуу өз пикирлерин билдире башташты. Алар ар түрдүү кызматтарда иштешти, бул маселени ошол мезгилде көтөрүп, чара көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан жана аны ошондо айтканда туура болмок.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын  маалыматына ылайык,  республика боюнча атайын автоматташтырылган ыкчам маалымат базасында К.Көлбаев, А.Батукаев, А.Бокушев түптөгөн үч уюшкан кылмыштуу топтун  жана ар кандай кылмыштуу топтордун  жалпы саны  1076 субъект эсепке алынган.


Уюшкан кылмыштуулукка каршы тиешелүү кызматтар тарабынан келишкис  жана чечкиндүү иш-чаралар жүргүзүлүп келүүдө. Алсак, 2020-жылдын 7 ай 20 күндүн ичинде ичинде ИИМ кызматкерлери тарабынан  уюшкан кылмыштуу топтордун 101 субъектилери ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалган жана кээ бирлери кылмыш жообуна тартылууда.


ИИМ кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 7 ай 20 күн  күн ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун субъектилери ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалгандардын ичинен 8  адам криминалдык чөйрөдө жогорку статусун алып жүргөндөр экендиги аныкталган.


Ушул эле убакыттын  ичинде мыйзамсыз жүгүртүүдөн ондогон курал-жарактар алынган. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмыштуу жол менен табылган кирешелерин легалдаштырууга  бөгөт коюу багытында КЖКнин 215-беренеси менен 6 сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө. КРнын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан 2020-жылдын 7 айында жалпысынан 55 кылмыш иши кылмыштардын жана жоруктардын  бирдиктүү реестрине катталып, азыр тергөө жүрүүдө.


Ошондой эле ИИМ кечээги депутаттыка талапкер Ө.Суваналиевдин кайрылуусу боюнча тактоо киргизүүгө туура келет. ИИМдин Криминалдык милиция кызматы “ХОП” деген каймана аты менен каттаган, парламенттин бешинчи чакырылышынын депутаты Чолпонбаев Улан Сапарбекович 2018-жылы 11-ноябрда өзүнүн узакка созулган оорусунан каза болгондугун жана учурдагы абалга эч кандай таасир бере албастыгын билип туруп, популисттик билдирүүлөрдү жасаганы этикага туура келбейт.


Өз кезегинде Ө.Суваналиев ИИМде министрдин орун басары, андан кийин министр болуп турганда уюшкан кылмыштуулук бутактанып, ал түгүл ЖКнын депутаттыгына Р.Акматбаев келгендиги,  ошол кезде криминалдык абал күчөп, буйрутма адам өлтүрүүлөр да күч алгандыгы жалпы коомчулукка белгилүү.


Ал эми учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчүндө турат жана ал ИИМдин ишмердүүлүгүндө кылмыштуулукка каршы күрөшүү негизги багыттарынын бири экендигин белгилейбиз", - деп аййтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, Өмүрбек Субаналиев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын съездинде бийлик Көлбаевдин кол  алдында экенин айтып, прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин бардыгы күмөн жаратып жатканын билдирген.






Узнать больше: https://vesti.kg/kg/politika-kg/item/74333-omurbek-suvanaliev-okmotchul-partiyalardyn-artynda-kolya-kyrgyz-turat-video.html - Өмүрбек Суваналиев: Өкмөттөгү партиялардын артында Коля Кыргыз турат (видео) - VESTI.KG - Новости Кыргызстана


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн