Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышы тууралуу билдирүү таратты

09.01.2022 14:24
1376
ИИМ Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышы тууралуу билдирүү таратты


ИИМ джаз ырчы Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышы тууралуу билдирүү таратты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.


Казакстан Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90.000 тенге сунушташкан. 


Туугандарынын маалыматы боюнча кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыга тез-тезден сапарга барып турган. Жакында ал концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган. Алматыга баруу үчүн билет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынган жана Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00дө учуп кеткен. 


Аэропортко аны энеси Кундузхан Розахунова менен анын небереси Бишкекте ИПАМ компаниясында программист болуп иштеген Аскат Сериков коштоп барган. Алардын Казахстан Республикасында эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, Алматыга концерттик программаларды жана музыкалык фестифалдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн билдиришкен.


Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө.


Ошондой эле, биздин өлкөгө чыгып жана кетип жаткан жарандардын баары Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан толук көзөмөлдөнүп жаткандыгын билдиребиз.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айгул
Бир.эненин журогу ооруп атат дуйно жузундогу энелердин журогу тилини атат