Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ: Жалал-Абад облусунда ишкерлерди опузалап коркуткан шектүүлөр  кармалды

ИИМ: Жалал-Абад облусунда ишкерлерди опузалап коркуткан шектүүлөр  кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы

баңгизаттардын оор түрүнө кирген героиндин ири партиясын сатып жаткан

жаранды кармашты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


  2020-жылдын 16-ноябрь күнү ИИМдин КМКнын Аймактар аралык

башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Ош ОИИБдин атайын операциялар

отрядынын күжүрмөн колдоосу менен Ош шаарынын аймагынан Жалал-Абад

облусунун Сузак районунун жашоочусу 1984-жылы туулган Х.С. аттууну

кармашты. Ал баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого жана сатууга шектелүүдө.

Мурда ээнбаштык иш-аракеттерин жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

  Шектүүнү кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары сотко чейинки

өндүрүштүн алкагында жүргүзүлдү.  Кармоо учурунда ага өздүк кароо

жүргүзүлүп, өзгөчө кескин жыты бар, кара жана жашыл түстөгү скотч менен

таңгакталып баштыкка оролгон зат табылган. Экспертизанын корутундусуна

ылайык, табылып алынган зат 2 килограмм 455 граммды түзгөн  “Героин”

баңгизаты экендиги аныкталды.


  Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинин

2-бөлүмү (Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана

алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко

чейинки өндүрүш жүрүп жатат.


  Ошондой эле, кармалган жаран Х.С. башка факты боюнча шектүү катары

жүргөн жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам

каттоосунда турат.


Буга чейин ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам

кызматкерлери уюшкан кылмыштуулук көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүү,

кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүп

жаткандыгы маалымдалган.


Эки кылмыштуу топтун мүчөлөрү  Жалал-Абад облусунун Сузак районунун

аймагында  бири-бирине курал колдонуп чырдашкан факты катталган.   

Андан сырткары, алар укук коргоо органынын өкүлүнө каршылык көрсөтүүгө

байланышкан ээнбаштыкка шектелүүдө.


  Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ээнбаштыкка жана

куралды мыйзамсыз колдонуу фактылары боюнча 4 факты катталган.

Бирин-бири менен чырдашкан эки топтун катышуучулары кылмыштуу топтун

мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда эки

кылмыштуу топтун 9 мүчөсү кармалды.


  ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы уюшкан кылмыштуулук

көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүү, кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу

боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнү улантып жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн