Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:04
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ИИМ алдамчы жарандар Баткенге жардам деп атайын эсептерди ачып жатканын эскертти

26.09.2022 09:56
366
ИИМ алдамчы жарандар Баткенге жардам деп атайын эсептерди ачып жатканын эскертти

Алдамчылар жабыркагандарга жардам берүү шылтоосу менен социалдык тармактарда ар кандай банктык эсептерди ачууда. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.


 Өлкө үчүн оор мезгилде Баткен облусундагы чек ара чыр-чатагынын кесепетинен 62 жараныбыз каза болуп, 198 жаран ар кандай жаракат алып, 430 ашык үй, мектептер, бала бакчалар жана башка административдик имараттар талкаланып, ал эми 136 миң 770 жаран үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Тилекке каршы мындай учурларды пайдаланып, адам баласынын кайгысынан акча табууга аракет кылган алдамчылар дагы бар болууда. 


Биз жарандардын көңүлүн өздөрүн ыктыярчы, активист катары көрсөтүп, каражат чогултуу боюнча билдирүүлөрдү таратып жаткан алдамчылардын кылтагына илинип калбоого бурабыз.


Ошол эле учурда алар ар кандай банктык реквизиттерди көрсөтүп, анын үстүнө посттордун бирине Баткен облусундагы соңку окуяда жаракат алган жоокердин сүрөтүн тиркеп коюшкан.


Эскерте кетсек, акча каражаттарын которууга мүмкүн болгон атайын банк эсептер расмий билдирүүлөрдө гана көрсөтүлөт.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн