Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ ата-энелерге балдарды терезеси ачык бөлмөгө калтырбоону эскертти

11.05.2021 12:12
868
ИИМ ата-энелерге балдарды терезеси ачык бөлмөгө калтырбоону эскертти



Урматтуу ата-энелер жана балдарды карап жаткан жарандар! Жылуу мезгил келгендигине байланыштуу бардыгыбыз терезелерди ачып коюп жатабыз. Бул кичинекей балдарыбыз үчүн кооптуу болушу ыктымал. Жыл сайын жайында көп кабаттуу үйлөрдүн терезелеринин ачык болушунан балдарыбыз кулап кеткен каргашалуу окуялар кездешет.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Коопсуздук чараларын сактоо кырсыкты алдын алат. Көп учурда кичинекей балдар чоңдордун көзөмөлү жок учурда терезелерден кулап кетүүдө. Ошондуктан балдарды кароосуз таштабагыла, өзгөчө терезе тарапта ойноп жатканда. Терезеге коюлган торлор дагы кырсыкты алдын ала албайт. Терезелердин толук ачылбашы үчүн блокираторлорду орнотуңуздар. 

Урматтуу ата-энелер жана балдарды карап жаткан жарандар, балдарыңыздар ар дайым сиздердин көзөмөлүңүздөрдө болушу кажет!


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн