Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 07:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ИИМ ата-энелерге өспүрүмдөргө жыныстык мамиле тууралуу туура түшүнүк берүүнү эскертет

06.08.2021 10:06
430
ИИМ ата-энелерге өспүрүмдөргө жыныстык мамиле тууралуу туура түшүнүк берүүнү эскертет



Жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык нормалдуу өнүгүүсүнө болгон укуктарын коргоо - Кыргыз Республикасынын кылмыш саясатынын эң негизги тапшырмаларынын бири жана приоритеттүү багыты болуп эсептелет.


  Жыныстык катнаш тууралуу сүйлөшүү ата -энеге да, баланын өзүнө да оңой эмес. Балдарды дүйнөнүн заманбап түшүнүгүн эске алуу менен бойго жеткенге даярдоо керектигин баары жакшы түшүнөт. Өспүрүм куракка жеткенде ар бир бала менен кыз сексуалдык өнүгүү, эрте жыныстык катнашка баруунун терс кесепеттери, ойлонулбаган чечимдерди алып келиши мүмкүн болгон кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө негизги түшүнүктөргө ээ болушу керек.


Урматтуу ата-энелер, мыйзамдуу өкүлдөр, бул маселени өзүңүз изилдеңиз жана балдар менен эрезеге жетүүнүн мыйзамдуу жагы жөнүндө жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүңүз. Сиз үйрөткөн билим балаңызга катачылыктарды кетирүүгө жол бербөөгө, ал тургай каргашалуу окуялардан алдын алууга жардам берет. 


 Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин ченемдери, тактап айтканда анын 25–бөлүмү “Жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар” менен 26-бөлүмү “Инсандын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар” жогоруда айтылган маселени толук ачып берет.


  Укуктарды жана милдеттерди билүү алардын сакталышына кепилдик берет. Аны билбөө ойлонулбаган кадамдарга жана мыйзамсыз аракеттерге алып келет, алар үчүн сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилиги каралган. Жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштар эң оор кылмыштардын катарына кирет. 

Эсиңизде болсун, жашы жете электер менен болгон сексуалдык мүнөздөгү аракеттер үчүн кылмыш жазасына тартылат!


ИИМдин Басма сөз кызматы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн