Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кызмат учурунда каза тапкан милиция кызматкерлери эскерилди (фото)

15.05.2020 13:11
932
Кызмат учурунда каза тапкан милиция кызматкерлери эскерилди (фото)


Бүгүн, 15-майда Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызмат учурунда каза болгон кызматкерлери эскерилди. Бул тууралуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык  “Шумкар” атайын багыттагы полкунун командири, милициянын полковниги А.Султаналиев жана ардагерлер кеңешинин төрөгасы С.Исаев баштаган өздүк курам кызматкерлердин үй-бүлөлөрү менен жолугуп, баатыр кесиптештерин эскерип, акчалай жардам көрсөткөн. 

 

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругу менен, 15-май кызматтык милдетин аткарып курман болгон Ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү деп жарыяланган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн