Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 10:58
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

ИИМ дрон аркылуу атайын операция жүргүзүп, 20 кг баңгизатты аныктады (видео)

24.03.2023 09:47
255
ИИМ дрон аркылуу атайын операция жүргүзүп, 20 кг баңгизатты аныктады (видео)



Узакка созулган иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан 20 кг «Чарс» баңгизаты алынды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 7-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Бишкек шаарынын Курманжан Датка жана Волховская көчөлөрүнүн кесилишинен 1963-жылы туулган А.Б. аттуу жарандан салмагы 8 килограммды түзгөн гашиш (афган чарс) баңгизаты алынган.


Кармалган А.Б. жашаган жеринде ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө БМЖКККнын кызматкерлери кошумча 12 килограмм гашиш (ооган чарс) баңгизаты табылып, алынган.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. 


Атайын операциянын натыйжасында алынган баңгизатынын жалпы салмагы 20 килограммды түзгөн.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн