Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:43
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ИИМ кызматкерлери Мирзиёевдин иш сапары күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштейт

25.01.2023 09:57
259
ИИМ кызматкерлери Мирзиёевдин иш сапары күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштейт

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январь күндөрү Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, маанилүү иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу министрлик жогорку деңгээлде коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрөт.

Учурда ички иштер органдарынын күчтөрү менен каражаттары эсептелип, милициянын посттору менен каттамдары аныкталды. Ички иштер органдары укук бузууларды эскертүүгө, кылмыштарга бөгөт коюуга жана аныктоого багытталган алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Расмий иш-чараны өткөрүү маалында коопсуздук жана коомдук тартип, жол кыймылынын коопсуздугу толук кандуу камсыздалат. Ички иштер органдарынын өздүк курамы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.

Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлө турган жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Айрым унаа жолдоруна транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн