Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 00:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ мал ээлерин уурулардан сак болууга чакырды

02.02.2021 11:08
470
ИИМ мал ээлерин уурулардан сак болууга чакырды
Жыл башынан бери сотко чейинки өндүрүштө мал уурдоого байланыштуу 1173 материал болгон, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 935 фактысынын бети ачылган.  Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматы билдирди.


Республика боюнча мал уурулук менен алектенген 255 адамдан турган 64 кылмыштуу топ кармалган.   Кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракетинен жалпысынан 3069 мал уурдалган, анын ичинен 2722 мал ээлерине кайтарылып берилген.  Жарандарга келтирилген жалпы зыяндын саны 78 млн. 360 миң сом, анын ичинен кайтарылганы 42 млн. 740 миң сомду түзөт.

Тажрыйба көрсөткөндөй, мал уурулук кылмыштарынын себеби малдарын жайыттарда, талааларда көзөмөлсүз калтырган жарандар саналат. Көп учурда мындай кылмыштарды изин суутпай ачууга тоскоолдуктарды жараткан бирден бир себеби жарандар жоголгон малдарын өздөрү издешип, укук коргоо органдарына кеч кайрылып жатканы.

Ички иштер министрлиги жарандарга дагы бир жолу кайрылат: Урматтуу жарандар, малыңыздарды көзөмөлдөп, этият болуңуздар.   Уурулардан сак болгула! Айыл жергесинде мал чарбачылыгын өнүктүрүү менен ар бир жаран эртеӊки келечегинин ишенимдүү кепилдигин бекемдей алат, сиздерден суранаарыбыз, короолоруңардын эшиктерин бекемдеп, жайыттагы малдарды кайтарууга өзгөчө көзөмөлгө алыңыздар!

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн