Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 13:43
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

ИИМ мамлекеттик тил күнүн белгиледи

22.09.2021 17:40
905
ИИМ мамлекеттик тил күнүн белгиледи

Ички иштер министрлигинин Жоруктар жөнүндөгү башкармалыгы Мамлекеттик тил күнүн белгилешти.


Министрликтен билдиришкендей, башкармалыкта атайын чогулуш өтүп, кыргыз тили жана анын учурдагы абалы тууралуу баарлашуу болду.


Чогулуш учурунда аталган башкармалыктын жетекчиси Сапар Аманкулов кыргыз тилдин тарыхына токтолду.


“Тил улуттун руханий куралы. Ал улуттун мүнөзүн билдирип, тарыхын чагылдырат. Канча деген тарыхты башынан өткөргөн кыргыз тили өз алдынча жана эркин экенин айткым келет. Мамлекеттик тил бул мамлекттеги улуттардын ортосундагы байланышуунун, пикир алышуунун куралы. Башка тилге аралаштырбай аны таза жана так колдонуп, келечек муунга өткөрүп беришибиз керек. Ошондуктан бардык иш кагаздар, алынып барып жаткан иштердин бардыгы мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жатат” - деп баса белгиледи Аманкулов.


Эскерте кетсек, кыргыз тили 1989-жылдын 23-сентябрынан бери мамлекеттик тил күнү катары белгиленип келет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн