Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ опузалап акча алган ЖАМКтын кызматкерлерин кармады (Видео)

03.03.2021 13:01
655
ИИМ опузалап акча алган ЖАМКтын кызматкерлерин кармады (Видео)



Баткен облусунда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин кызматкерлери опузалап пара алган фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.


2021-жылдын февраль айында Жаза аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдөө жүргүзгөн прокуратурага Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Н.Б. арыз менен кайрылган. Ал арызында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин кызматкерлери келишим аркылуу жумушка орноштуруу учун андан 25000 (жыйырма беш миң) сом өлчөмдө пара талап кылып жаткандыгын билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.


Бул факты боюнча 2021-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренеси (опузалап пара алуу) менен КЖБРге катталып, бул кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Кылмыш ишинин материалын прокуратура ИИМдин Тергөө кызматына (Ош шаары) өткөрүп берген. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларды жүргүзүүгө ИИМдин КМКнын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери киришкен. Шектүү деп божомолдонгон кызматкерлер үч жолу өзүнчө параны алышканы катталып турган.


ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан атайын ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында 2021-жылдын февраль айынын аягында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин кызматкери үчүнчү жолу 6000 сом акча каражатын алып жаткан учурда кармалган.


Мындан аркы жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин начальнигинин орун басары Т.А. кармалды.


Кармалган кызматкерлер Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы убакта ИИМдин Тергөө кызматы (Ош ш.) тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши каралууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн