Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМ саясатчы жана активисттердин кармалышын мыйзамдуу деп эсептейт

25.10.2022 15:02
324
ИИМ саясатчы жана активисттердин кармалышын мыйзамдуу деп эсептейт

 Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 25-октябрдагы жыйынында активисттер менен саясатчылардын кармалышы боюнча Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев депутаттарга маалымат берди.


«Бул кылмыш иши боюнча бүт тергөө амалдары Жазык кодексинин алкагында болуп жатат. Алардын үйүнүн тинтилиши жана кармалышынын мыйзамдуулугу прокуратура, тергөө судьясы тарабынан каралып чыгып, биздин бардык тергөө аракеттерибиз мыйзамдуу деп табылган» , — деди министрдин орун басары.


Эске салсак, 23-октябрда Кыргызстандагы  саясатчылардын жана активисттердин үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп, алар ИИМ тарабынан массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн