Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМ саясатчыларды тыңшаганын билдирди

31.08.2021 17:22
646
ИИМ саясатчыларды тыңшаганын билдирди

Ички иштер министрлигинин Клара Сооронкулованын айткандары боюнча жооп берди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.



Бир нече маалыматтык агенттиктерде Клара Сооронкулованын билдирүүсү жарыяланып, анда бир нече саясатчылар кол койгону, айрым саясатчылардын телефон сүйлөшүүлөрүн укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз угуулары жүргүзүлгөнү айтылган. Бул боюнча ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү маалымдайт:

Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматы 2020-жылдын октябрында болгон окуялар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча материал КЖБРге катталган. Бул сотко чейинки өндүрүш боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы мындан аркы иликтөөлөрдү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына тапшырган. 


Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка тиешелүүлөрдү, ага катыштыгы барларды, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар менен мүмкүн болгон байланышдарды дагы аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Жазык-Процесстик кодекске ылайык, тергөө тарабынан Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна 2021-жылдын 6-январынан 10-февралга чейинки убакытта телефондук сүйлөшүүлөрдү бириктирүүнү жүргүзүү жөнүндө сунуштама жиберилип, ал канааттандырылган. 


Көрсөтүлгөн убакыт өткөндөн кийин бул атайын тергөө аракеттери тергөө тарабынан жүргүзүлгөн эмес жана сот анын убактысын узарткан эмес. 


Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, ар бир жаран жашыруун жазышууга, телефон менен сүйлөшүүгө жана башка пикир алмашууларга укуктуу. Бул укуктардан чектөө бир гана мыйзамга ылайык соттун актысы менен гана жүргүзүлөт. Тергөө кызматы мыйзамга ылайык өзүнүн ыйгарымынын чегинде гана иш алып барган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн