Бугу 15, 2024
Убакыт: 12:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

ИИМ социалдык тармактарда чагымчыл маалыматтарды жарыялоого тыюу салынганын эскертет

16.11.2022 10:10
429
ИИМ социалдык тармактарда чагымчыл маалыматтарды  жарыялоого тыюу салынганын эскертет


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактарда расалык, этностук¸ улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну)  козутууга үндөгөн чагымчыл материалдарды бөлүшпөөгө чакырат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Ички иштер министрлиги өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет. ИИМ жана анын бөлүктөрү мындай чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатат. Акыркы күндөрү  социалдык тармактарда  улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирмелер активдүү жарыяланууда. 


Учурда өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу. Күч түзүмдөрү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун  камсыз кылуу,  кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жогорку деңгээлде жүргүзүп жатат.


Ички иштер министрлиги аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.


Мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн