Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 21:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ табып, төлгөчү жана көзү ачыктарга алданбоого чакырат

27.07.2021 10:17
678
ИИМ табып, төлгөчү жана көзү ачыктарга алданбоого чакырат



Табыптар, көзү ачыктар жана төлгөөчүлөр-адамдын аң-сезимин манипуляциялоону мыкты өздөштүргөн психолог адамдар. 

 Эреже боюнча, жарандар алардын жашоосунда жагымсыз кырдаал болуп кетсе, андан чыгуунун жолун билбей калса, аларга кайрылышат. Алардын максаты сиздин ден-соолугуңуз же көйгөйлөрүңүз эмес, акчаңыз. Алар жүктөлгөн каргыштардан арылууга, бойдоктордун жолун ачууга, өлүмгө алып келүүчү оорулардын мөөрлөрүн өчүрүүгө жана башка ушул сыяктуу ойдон чыгарылган көйгөйлөрдү жок кылууга жардам беребиз деп алдап, өздөрүнүн тузагына илишет.

Чындыгында, аларга маңдай териңиз менен тапкан акчаңызды берип, эч кандай жардам таба албайсыз.

 Ички иштер министрлиги сиз же сиздин досторуңуздун ден-соолугунда көйгөйлөр жаралса, медициналык мекемелерге кайрылууну сунуштайт.

Эгер сиз жагымсыз жагдайга туш болуп калсаңыз, анда бул жөнүндө ишенген жакындарыңызга, досторуңузга же атайын психологго айтып бериңиз.

 Көнүл буруңуз! 

 Эгер сиз кылмыштуу кол салуудан жапа чеккен болсоңуз же кылмышка күбө болсоңуз, дароо милицияга 102 телефону менен байланышыңыз.

ИИМдин Басма сөз кызматы


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн