Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:46
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ИИМ жалган маалымат таратпоого жана дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат

22.09.2022 10:47
301
ИИМ жалган маалымат таратпоого жана дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат



Учурда Интернетте чек арадагы чыр-чатак тууралуу көптөгөн бурмаланган жана так эмес маалыматтар таратылып жатат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Мындай бурмаланган жана орунсуз маалыматтардын кесепети өлкөдөгү кырдаалды курчутушу мүмкүн.

Буга байланыштуу, Ички иштер министрлиги жарандардан дүрбөлөңгө түшпөөнү, жалган жана туура эмес маалыматтын жайылышына жол бербөөнү, ушактарды көбөйтпөөнү, расмий мамлекеттик органдардын ишенимдүү булактарына же комментарийлерине гана таянууну суранат. 


"Социалдык тармактардын колдонуучуларына чыр-чатактын күчөп кетишине жана анын курчушуна жол бербөө үчүн терс комментарийлерден алыс болууну сунуштайбыз. Биз бардыгын эрежени сактоого чакырабыз.  

Муну менен бирге жарандарга активдүү жарандык позициясы жана кырдаалды турукташтыруу маселелеринде көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз",- деп айтылат ИИМдин маалыматында.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн