Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМ жайкы каникулда балдарга көңүл бурууга чакырды

15.07.2021 14:04
1021
ИИМ жайкы каникулда балдарга көңүл бурууга чакырды


Жайкы каникул уланууда. Балдардын бош убактысы көп, тилекке каршы, баланын катышуусу менен болгон кырсыктар жөнүндө маалымат өзгөчө кырдаалдар боюнча билдирүүлөрдө пайда болгон учурлар аз эмес. Себептер көп, натыйжасы бир - жашоо үчүн олуттуу коркунуч. Балдарыңыздын коопсуздугуна кам көрүңүз! Балаңызга убакыт бөлүп, аны менен сүйлөшүңүз. Балдарыңыздын жашоосу өзүбүздөн гана көз каранды экендигин унутпаңыз!


Улуулардын милдети - балдарды коркунучтан алдын алуу жана ага бөгөт коюу үчүн сезе билүүгө үйрөтүү.


Өзү менен өзү жалгыз калган жашы жете элек баланын туш болушу мүмкүн болгон коркунучтар жөнүндө маалыматтарды балдарга айтып жүрүү абдан маанилүү.


Мисалы, мындай коркунучтун булагы: суу объектилери, үйдөгү жана жаратылыштагы өрт коопсуздугу, жолдордогу эрежелерди сактоо, күндүн таасири, электр подстанцияларына жакын жерлер, курулуш аянтчалары, темир жолдор, чоочун адамдар менен сүйлөшүү, экстремалдык селфи коркунучу ж.б.. Андан сырткары, балдарыңыздын иштерине, көңүл ачуусуна, ойногон компьютердик оюндарына, кирген социалдык тармактарына, интернет-сайттарына кызыгыңыз.


Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалда бала үйүнөн чыгып кетсе, чоңдор балага бет кап берип, көчөдөгү жүрүм-турум эрежелерин үйрөтүшү керек. Бала ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн үйүнүн дарегин жана телефон номерин билиши керек.


Үйгө кайтып келе жатканда балдарыңыздын ден-соолугуна кызыгыңыз, кандай абалда экендигин көзөмөлдөнүз. Эгер балаңыздын жүрүм-туруму же маанайы эч кандай себепсиз кескин өзгөрүп кеткенин байкасаңыз, анын себептерин кылдаттык менен аныктап алыңыз.


Албетте, бардык кырдаалды алдын ала көрүү жана бардык учурларда кеңеш берүү мүмкүн эмес. Бирок баланы этият болууга үйрөтүү мүмкүн жана зарыл. Муну чоңдордон артык эч ким жасай албайт.

Жайкы каникул учурунда балдарыңыздын өмүрү, ден-соолугу жана коопсуздугу үчүн сиз толугу менен жооптуу экениңизди эскертебиз!


Жашы жете электер жасаган ар кандай кылмыштар, укук бузуулар жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциясынын алдын алуу каттоосуна турууга алып келет.


Көңүл буруу, сүйүү жана кам көрүү - балаңызды мүмкүн болгон кырсыктан сактоонун мыкты ыкмалары. Эсиңизде болсун, бала ар дайым сизди карап турат. Ошондуктан, коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча сиздин жүрүм-турумуңуз балаңызга үлгү болуп, ага бекем ден-соолукту, бактылуу жана коопсуз балалыкты тартууласын.

Тез жардам номурлары:

112 кызматы (күнү-түнү) - 112;

Өрт-куткаруу кызматы (күнү-түнү) - 101;

Милиция (күнү-түнү) - 102;

Тез жардам (күнү-түнү) - 103;

Балдар үчүн ишеним телефону (күнү-түнү) - 111.


ИИМдин Басма сөз кызматы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн