Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

ИИМде Франциянын Улуттук жыйынынын депутаты Жак Мэр менен жолугушуу болуп өттү

25.03.2022 10:42
340
ИИМде Франциянын Улуттук жыйынынын депутаты Жак Мэр менен жолугушуу болуп өттү



2022-жылдын 24-мартында ИИМдин имаратында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Франциянын Улуттук жыйынынын депутаты Жак Мэр мырза менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.



Министрдин орун басары Эркебек Аширходжаев, 2021-жылы Кыргыз Республикасында жаңы Конституция кабыл алынган, буга байланыштуу укуктук ченемдик актылар жаңы Конституцияга ылайык келтирилип, мамлекеттик аппаратты жана Кыргызстандын укуктук системасын толук масштабдуу реформалоо жүргүзүлүүдө. Ошону менен бирге, жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү орган катары түзүү жолунда турат. Ички иштер органдарын иштөөсүнүн башкы принциби бул – «Милиция саясаттан тышкаркы, милиция эл үчүн» – деп белгиледи.

Мындан тышкары министрдин орун басары белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстандын милициясы ачыктыктын, жеткиликтүүлүктүн, социалдык өнөктөштүктүн заманбап демократиялык талаптарына толук жооп берип, адам укуктарын камсыз кылуу жана калкка сервистик кызматтарды көрсөтүү - ички иштер органдарынын артыкчылыктуу милдеттери болуп саналаарын айтты. 

Өз кезегинде Жак Мэр мырза Кыргыз Республикасындагы демократиялык кайра түзүүлөрдүн өсүшүнүн оң динамикасына көңүл буруп, Кыргызстандын укук коргоо органдары бардык жарандарына мыйзамда каралгандай бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыздап жаткандыгын белгиледи.

Ошону менен бирге, Эркебек Аширходжаев Кыргызстан ратификациялаган эл аралык конвенциялардан жана келишимдерден, анын ичинде рассалык басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө Конвенциядан жана аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө Конвенциядан келип чыккан эл аралык милдеттенмелерди ички иштер министрлиги камсыздап келет деп белгиледи.

Жолугушуунун аягында министрдин орун басары Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына өлкөбүздөгү кырдаалга көңүл буруп, азчылыктардын, аялдардын укуктарын коргоо жана басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жаатында кызматташууга умтулгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуу жылуу, достук маанайда өттү.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн