Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМде иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча бир айлык окуу курсунан өткөн кызматкерлер сыйланды

15.12.2021 11:35
576
ИИМде иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча бир айлык  окуу курсунан өткөн кызматкерлер сыйланды

ИИМде иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча бир айлык  окуу курсунан өткөн кызматкерлер сыйланды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.


"Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2021-жылдагы 15-январындагы «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча 2021-жылга карата түзүлгөн иш-мерчемди бекитүү жөнүндө» буйругунун 3-пунктун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2021-жылдын 1-ноябрында «Окуу курсун өткөрүү жөнүндө» тескемеси чыгарылып, анын негизинде, Кыргыз Респбуликасынын ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмчөсүнүн демилгеси менен КР ИИМдин Академиясында ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлерине «Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү» аталышындагы окуу курсу уюштурулду. 


КР ИИМдин Академиясынын тилге даярдык кафедрасында 2021-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин аталган окуу курска ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери катышып, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жазуу сабаттуулугун өркүндөтүштү",- деп айтылат билдирүүдө.


Ошондой эле, 2021-жылдын 15-декабрында КР ИИМдин Мамлекеттик тил бөлмөсүндө курсту ийгиликтүү аяктаган кызматкерлерге тастыктамалар тапшырылды. Тастыктамаларды тапшыруу аземине КР ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов катышып, курстан алган билимдерин иш тажрыйбаларында колдонуп, иш кагаздарды мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүү керектигин баса белгиледи. 




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн