Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМдин Академиясы магистратурага окууга чакырат

09.08.2021 12:46
493
ИИМдин Академиясы магистратурага окууга чакырат



Магистратурага Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, башка укук коргоо органдарынын, салык органдарынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлери, ошондой эле бакалавриат программасын аяктаган Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алынат. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы кабарлады.


Окуу мөөнөтү:

- 2 жыл;

- сырттан окуу 2,5 жыл.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын сырттан окуу формасы боюнча магистратурага талапкерлер үчүн 2021-жылдын 1-сентябрына карата ички иштер органдарында эмгек стажысы 1 (бир) жылдан кем эмес болушу керек.

Магистратурага тапшыруу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

1. Тиешелүү бөлүмдүн башчысы менен макулдашылган билдирме же магистратурага кабыл алуу жөнүндө Академиянын начальнигинин атына жазылган арыз;

2. кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;

3. өмүр баяны;

4. дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү ("бакалавр" академиялык даражасынан төмөн эмес);

6. 086-У формасындагы медициналык справка;

7. Фото 3х4 - 4 даана;

8. окуу делосу үчүн конверти менен скоросшиватель.

Контракттын бассы 23000 сом. 

Документтер 2021 – жылдын 1-сентябрына чейин кабыл алынат.

Сурап билүү телефондору: 0312 631738, 631739, 0701412412.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн