Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаевге “Кылымдын залкары” медалы тапшырылды

23.12.2021 09:36
481
ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаевге “Кылымдын залкары” медалы тапшырылды

ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаевге “Кылымдын залкары” медалын тапшырышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


 Жаңы жыл алдында Эл аралык “Насаатчы” фонду “Демократиялык Кыргызстан аялдар комитети” фонду менен биргеликте жылдын мыктыларын тандоо боюнча майрамдык иш-чара уюштурулуп, анда калк арасында сурамжылоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ардагерлер кеңешинин төрагасы отставкадагы милициянын полковниги Султан Жоошбаев Кыргыз Республикасынын саясий, социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн “Жылдын мыкты инсаны” диплому менен жана “Кылымдын залкары” медалы менен сыйланды. 

 Мындан тышкары, иш-чаранын уюштуруучулары атайын “Жылдын мыкты ишкери”, “Элдин нымысы”, “Сахнанын жылдызы”, “Жылдын мыкты инсаны” номинациялары боюнча татыган мыкты инсандарга диплом жана медалдар тапшырылды.


Султанбек Жоошбаевге сиңирген эмгеги үчүн татыктуу баа берилди, анткени ар бир ардагердин тагдырына кайдыгер карабаган, милдетине жана ар-намысына так болгон адам катары сыпатталат. Ал милиционерлердин жаш муундарын тарбиялоодо жана аларда мекенчилдик сезимди, жоопкерчиликти жана милдетти калыптандырууга өбөлгө болуп, зор салымын кошуп келет. 


Белгилей кетсек, отставкадагы милициянын полковниги Султан Жоошбаев 2017-жылдан бери Кыргыз Республикасынын ИИМдин борбордук музейинин директору жана Ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп азыркы учурга чейин эмгектенип келет.


Султанбек Жоошбаев сыяктуу офицерлер эрдиктин, ишенимдүү коргоочунун жана кесиптик тажрыйбаны муундан-муунга улантуучулуктун кепили болуп саналат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн