Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМдин Баткендеги өкүлү чек арада сүйлөшүү өткөрдү

13.04.2022 02:15
427
ИИМдин Баткендеги өкүлү чек арада сүйлөшүү өткөрдү

Лейлек районунда тажик тараптан ок атышуу окуясынан улам Баткен ОИИБдин өздүк курамы көтөрүлгөн "Айгайдын" негизинде башкармалыктын жетекчилиги менен биргеликте жерине барып, абалды турукташтырууда. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБсынын начальниги Мурат Боронов Тажикдын Согди ОИИБсынын начальниги Абдулло Навджуанов менен чек арада жолугуп, эки элдин ортосундагы коопсуздукту сактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.


Учурда милиция кызматкерлери аталган аймактарда кайгуул күзөттөрдү уюштуруп, коомдук коопсуздукту камсыздоодо.


Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө соузулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.


Чек ара кызматынын акыркы маалыматына таянсак, Кыргызстан менен Тажикстан күч жана каражаттарын алып кете баштады. Сүйлөшүүлөр уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн