Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 22:12
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

ИИМдин Ички аскерлеринде волейбол боюнча турнир өттү (фото)

19.06.2021 11:22
1354
ИИМдин Ички аскерлеринде волейбол боюнча турнир өттү (фото)


Үстүбүздөгү жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринде 40 жаштан жогорку курактагы аскер кызматчыларынын, милиция кызматкерлеринин командаларынын арасында волейбол боюнча турнир болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, турнирге Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин, Республикалык окуу борборунун жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын командалары катышышкан.


"Турнирдин негизги максаты - бул волейболдун популярдуулугу, ден соолукка пайдалуулугу жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери арасында достук мамилелерди чыңдоо болуп саналат.


Турнирдин натыйжасында 1-орунду ИИМдин Ички аскерлеринин курама командасы, 2-орунду ИИМдин Республикалык окуу борборунун курама командасы жана 3-орунду Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын курама командасы алышты", - деп билдирди аталган мекемеден.


Турнирдин аягында жеңүүчүлөр кубок, диплом жана грамоталар менен салтанаттуу түрдө сыйланышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн