Кечээ, 10-августта ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник И.Кенжекулов менен Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин Аскер атташеси полковниги Эртан Онал менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында тараптар аскердик-техникалык кызматташуу, аскердик кадрларды даярдоо боюнча тажрыйбалар менен бөлүшүү, аскер кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу боюнча маселелерди талкуулашты.
Жолугушуунун кезегинде Аскер атташе ички аскерлеринин колбашчысына жылуу тосуп алуусуна ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн аскердик кызматташуулары мындар ары дагы бекемделе берээрин белгилеп өттү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн