Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ИИМдин Ички аскерлеринин спорттук-машыгуу борборунун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгы белгиленди

09.06.2022 15:44
824
ИИМдин Ички аскерлеринин спорттук-машыгуу борборунун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгы белгиленди


Бүгүн, 9-июнда ИИМдин Ички аскерлеринин спорттук-машыгуу борборунун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгы белгиленди.


Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, майрамдык иш-чара Ички аскерлердин жетекчилигинин, спорттук-машыгуу борборунун ардагерлеринин жана чакырылган коноктордун катышуусунда  уюштурулду.


Иш-чаранын катышуучулары Ички аскерлердин жана 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин эскеришип, Баатырлар аллеясындагы эстеликтерге гүл коюшту. Андан кийин коноктор үчүн Ички аскерлердин музейине, жаңы курулган спорттук аянтчаларына экскурсия уюштурулду.


Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү клубда өтүп, анда конокторго Ички аскерлердин спорттук-машыгуу борборунун калыптанышы жана өнүгүшү жөнүндө даректүү тасма тартууланды.


“Спорттук-машыгуу борборунда ИИМдин, Азиянын чемпиондору, дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү жана Олимпиадалык оюндардын, ошондой эле көптөгөн эл аралык турнирлердин катышуучулары тарбияланган. Бүгүнкү күндө биз спорттук-машыгуу борборунун тарыхы менен сыймыктанабыз. Бул борбордун ийгиликке жетүүсүнүн кепилдиги болуп  жогорку кесипкөйлүк, ырааттуу иш жана жалпы жамааттын биримдиги болуп келген жана кала берет”, - деди өз сөзүндө колбашчынын милдетин убактылуу аткаруучу полковник Дамир Алыбаев.


Иш-чаранын жүрүшүндө Ички иштер министринин жана Ички аскерлердин колбашчысынын буйруктары менен спорттук-машыгуу борборунун бир катар аскер кызматчылары медалдар, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле спорттук-машыгуу борборунун түзүлгөн күнүнүн урматына Ички аскерлердин командачылыгынын жана аскер бөлүктөрүнүн курама командаларынын арасында кичи футбол боюнча уюштурулган турнирдин жыйынтыгы менен кубок жана 1-даражадагы диплом менен 1 - орунду ээлегендиги үчүн Ички аскерлердин командачылыгынын курама командасы сыйланды.     


Салтанаттуу иш-чаранын соңунда спортчулардын дарегине арналган майрамдык концерт жана майрамдык тамактануу  уюштурулду.

 

Маалымат катары:


ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы генерал-майор А.Ш. Шамкеевдин  1997-жылдын  24 – апрелиндеги буйругунун негизинде жаңыдан түзүлүп жаткан Ички аскерлердин 3 бригадасынын эсебинен спорттук рота түзүлгөн. Ошондон бери бул күн расмий түрдө ИИМдин Ички аскерлеринин спорттук ротасынын түзүлгөн күнү катары белгиленип келет.


Спорттук ротанын биринчи командири болуп улук лейтенант Н.П. Михайлов дайындалган (учурда отставкадагы полковник). Ал самбо күрөшү боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу, самбо боюнча экстранын эл аралык категориясынын судьясы болгон. Ал 1997-жылдан 2009-жылга чейин жетектеп келген.


Андан кийинки жетекчилер:

- полковник И.И. Имирханов -2010-2012-жылдары;

- капитан А.С. Золотухин  2019-2020-жылдары (азыркы учурда спорттук-машыгуу борборунун начальнигинин орун басары);

- подполковник Карамурзаев А.М. 2009, 2010, 2012, 2019, 2020-жылдардан азыркы учурга чейин. 


Аталган спорттук  ротада  дүйнөлүк чемпионаттардын жеңүүчүлөрүн, көптөгөн эл аралык турнирлердин катышуучуларын,  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Азиянын чемпиондорун тарбиялашкан.


ИИМдин Ички аскерлеринин спорттук-машыгуу борборунун аскер кызматчылары массалык баш аламандыкты жоюуда туруктуулуктун жана кайраттулуктун үлгүлөрүн көрсөтүшкөн. Ошондой эле бир нече жолу жогорку сыйлыктардын ээси болушкан.


Спорттук-машыгуу борборунун  тарбиялануучулары ар кандай мамлекеттик түзүмдөрдө машыктыруунун  ишмердүүлүгү менен алектенишип, өз ишин ийгиликтүү улантып келүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн