Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ИИМдин Күзөт кызматынын 3000 кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштей баштады

28.12.2022 17:25
379
ИИМдин Күзөт кызматынын 3000 кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштей баштады



Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматы кирип келе жаткан 2023-жылды тосуу мезгилиндеги коомдук тартипти камсыз кылуу максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын маалымат кызматы билдирди.


Басма сөз кызматы


Жаңы 2023-жылды тосуу мезгилиндеги коомдук тартипти камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген буйруктарды мыйзам чегинде так аткарып, жаңы жылдык майрамдык иш-чаралар учурунда кылмыштуулукка, укук бузууларга жол бербөө максатында өздүк курамдын даярдыгы каралып, ар бирине коюлган тапшырмалары аныкталып, тиешелүү буйруктар менен тааныштырылды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын кайтаруусунда турган маанилүү, өзгөчө маанилүү жана олуттуу стратегиялык мекеме-чарбалар жана административдик имараттарга өзгөчө көңүл бурулуп, жалпы республика боюнча 3000 миңден ашуун кызматкер коопсуздукту камсыздайт. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн