Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 08:28
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

ИИМдин Күзөт кызматынын делегациясы Securiti Moscow-2023 көргөзмөсүнө катышты

17.04.2023 10:48
485
ИИМдин Күзөт кызматынын делегациясы Securiti Moscow-2023 көргөзмөсүнө катышты




Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов иш сапарынын алкагында Росгвардиясынын ведомстволук эмес коопсуздук боюнча илимий-изилдөө борборунун өкүлдөрү менен жолугушту.


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун командири милициянын полковниги Талант Раимбеков, ИИМдин Күзөт кызматынын борборлоштурулган күзөт пунктунун башчысы милициянын полковниги Саламат Календеров, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигиндеги өкүлү милициянын полковниги Исмайыл Сагыналиев катышты. 


Иш сапардын алкагында Күзөт кызматынын өкүлдөрү жаңы техникалык каражаттар менен таанышуу, Күзөт кызматында колдонулуп жаткан пульттарды интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрү, зымсыз датчиктерди изилдөө максатында күзөт жана жабдуулардын техникалык каражаттары боюнча Securiti Moscow-2023 көргөзмөсүнө катышты. 


Көргөзмө 2023-жылдын 11-апрелинен 14-апрелине чейин Москва шаарында өттү. Иш-чарага күзөт жана өрт сигнализациялары, интеграцияланган коопсуздук системалары боюнча техникалык каражаттарды (башкаруу системасы, видеобайкоо системалары, даректүү детекторлор, программалык камсыздоо, борборлоштурулган байкоо пульттары жана коопсуздук системаларынын ар кандай мүнөздөгү датчиктерин) даярдаган алдыңкы завод-өндүрүүчүлөр катышты.


Мындан тышкары семинар өтүп, анда бирдиктүү базаны жана булут серверин түзүү, ошондой эле корголуучу стратегиялык объектилердин периметрдик сигнализациясы, өзгөчө жер астындагы кабелдер жана ачык мейкиндиктеги кабелдер боюнча маселелер талкууланды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн