Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:00
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

ИИМдин  РФдагы Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен киши өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды

ИИМдин  РФдагы Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен киши өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен өз өлкөсүндө кылмыш кылып качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргызстандын ички иштер органдары  издөөгө алган жаран Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөндүгүн аныкташты. Жалал-Абад облусунун тургуну,  1988-жылы туулган С.Т. аттуу жаран киши өлтүргөндүгү үчүн он үч жылдан бери издөөдө жүргөн.


2007-жылдын 9-октябрында Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө белгисиз адамдар ээнбаштык ниетинен улам жергиликтүү тургун С.А.ны сабап, денесине оор залал келтиришкен. Натыйжада жабырлануучунун саламаттыгына оор зыян келтирилип, окуя болгон жерде көз жумган.

Бул факт боюнча 2007-жылдын октябрь айында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси "Адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголгон (1997-жылы редакцияланган). Шектүү катары эсептелген 1988-жылы туулган жаран С.Т. карата  2008-жылы   мамлекеттер аралык издөө  жарыяланган.


Россиядагы өкүлчүлүк аталган кылмышка шектүү жаранды октябрь айынан баштап издей баштаган. Жаран Москвада кармалып ошол жердеги убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Кылмышка шектүү жаранды экстрадициялоо маселеси каралып жатат. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн