Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМдин Россиядагы өкүлү кыргыз жарандарына кайрылуу жасады

04.10.2021 12:48
1002
ИИМдин Россиядагы өкүлү кыргыз жарандарына кайрылуу жасады

Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын ИИМдин өкүлү, милициянын полковниги Жанбаев Нурлан Сатваевич мекендештерге кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.


"Максималдуу репост.

Урматтуу мекендештер, Кыргызстандан Россия Федерациясына кирип келе жатып чекарачылардан ар бирибиз миграциондук карта колубузга алабыз, көбүнчөбүздүн миграциондук картабызда "цель визита" деген жерге «частный» визит деп белгилеп коюшат (бизден сурабай эле), бирок силер андай белги менен жумушка орношконуңар мыйзамдуу эмес болуп калат. Ошондуктан чек арадан кирип жаткан учурда, чек арачыга "Цель визита" деген жерге «работа» (жумуш) дегенди белгилеткиле. Болбосо кайрадан кирип чыгышыңарга туура келип калат. 

Ушул маалыматты билгени да билбегени да бар, бирок силер тууганыңарга, тааныштарыңарга жеткирсеңер кошумча чыгымдан сактап каласыздар деп ойлойм",- деп билдирүү калтырган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн