Кыргызстандын аймагында жаралган эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жарандардын өмүрүн, саламаттыгын сактоо, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоодо ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, “Шумкар” полкунун кызматкерлерине нускамалар өткөрүлүп, кызматкерлер фельдшерлердин текшерүүсүнөн өтүп, коргоонучу каражаттар менен камсыздалды жана алдына коюлган жоопкерчиликтүү кызматтык милдеттерин аткарууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн