Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:17
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

ИИМдин академиясынын курсанттары президенттик стипендия алышты

23.12.2023 20:24
417
ИИМдин академиясынын курсанттары президенттик стипендия алышты


Бүгүн, 23-декабрда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окууда, илимий-чыгармачыл жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн жогорку окуу жайларынын 75 студентине президенттик стипендия тапшырды.


ИИМдин академисянын маалыматына ылайык, мыктылардын катарында Кыргыз Республикасынын ИИМнин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясынын курсанттары Залкарбек кызы Асель, Маликова Айсанат Мирлановна, Тилебалдыева Бермет Асадбековна  бар.


Стипендия алууга ИИМдин Академиясынын 5 курсанттынын жана 2 студентинин жетишкендиктери боюнча документтер жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 3 курсант президенттин стипендиясын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.


Курсанттар президенттин колунан мактоо баракчаларын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алышты.


Мамлекет башчысы өз сөзүндө “Биздин билим берүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн туруктуу ишмердүүлүктү камтыган комплекстүү иш-чаралары ишке ашырылат. Мамлекет мындан ары да билим берүү, илим багытын өнүктүрүү үчүн жаңыча ыкмаларды иштеп чыгуу процессин жана илимди түздөн-түз жашообузда пайдаланууну ишке ашыра турган ынанымдуу далилденген багыттарга да өзгөчө көңүл бурат” - деп белилеп өттү.


Белгилей кетсек, президенттик стипендия берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фондунан 4 500 000 сом бөлүнгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн