Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 22:16
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

ИИМдин башчысынын орун басары "Головнойдо" кызмат өтөп жаткан кызматкерлер менен жолугушту

14.10.2021 12:56
1237
ИИМдин башчысынын орун басары "Головнойдо" кызмат өтөп жаткан кызматкерлер менен жолугушту

13-октябрда, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен облустук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, ИИМнин Баткен шаарындагы “Шумкар” өзүнчө ротасынын жана ИИМдин №707 аскердик бөлүгүнүн өздүк курамы менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Урмамбетов кызматтык форма менен камсыздалышын, милиция кызматкерлеринин сырткы келбетин, нөөмөт бөлүктөрүнүн, кызматтык бөлмөлөрдүн абалын, кызматкерлерге көрүлгөн шарттарын текшерип, кышка даярдык, материалдык-техникалык жактан камсыздалышынын абалы менен жакындан таанышты.


Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында жайгашкан стратегиялык обьект “Головной” участкасында кызмат өтөп жаткан ички аскер бөлүгүнүн кызматкерлеринин кандай шартта иш алып барып жаткандыгы жана ИИМдин Ички аскерлерине курулуп жаткан жаңы имараттардын курулушу менен таанышты.


Ошондой эле Баткен облусунун Көк-Таш айылында жайгашкан ИИМдин аскердик бөлүгү менен ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте чек арадагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуусун жана жөө кайгуулду күчөтүү боюнча тапшырмаларды койду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн