Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин эл арасындагы ишеними өткөн жылы 4,7 пайызга өстү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңеште 2019-жылда өкмөттүн аткарган иштери боюнча отчет берип жатып билдирди.
Анын айтымында, көп жылдар бою бул министрлик жабык жана резонанстуу эл көп нааразы болгон орган болгон. Бүгүнкү күндө министрлик өзүнүн стилин, аткарган ишин таптакыр өзгөртүп, коомчулук үчүн ачык боло баштады.
“Буга биринчиден учурда “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирип, санариптештирүү системасы менен камералык топтор, бирдиктүү терезе, автоматташтырылган программалар ачылгандыгы себеп боло алат”, - деди ал.
Өкмөт башчы кошумчалагандай, учурда потрулдук жана туристтик милиция натыйжалуу иштеп жатат. Тил билген, билими деңгээли жагын аныктаган конкурстук негизде өткөн кызматкерлер иш алып барышат. “Жакшы кызматкерлердин тартылышы айлык акынын 20-40 пайызга чейин көтөрүлгөндүгү себеп болуп жатат”, - деди премьер.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн