Ички иштер министрлигинин алдында зордук-зомбулукка каршы митинг өтүүдө. Анда кыз ала качууга кайдыгер карабаган жарандар, активисттер чогулган. Чогулган тараптар милициянын ишине нааразы болушууда.
"Айзаданын өлүмүнө ким жоопкерчилик алат? Эмнеге милиция өз ишин так аткарбайт? Эмнеге блогерди эки сааттын ичинде табышат? Кечээ катталган кылмыш ишин ылдамдык менен таба алышкан жок?" деген өңдүү суроолорду айтышууда.
Мындан сырткары митингчилер министрдин жана Бишкек ШИИББдин башчысынын отставкасын талап кылышууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн