Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:14
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ИИМдин кинологиялык борборунун кызматкерлери көп түрдүүлүк боюнча мелдеште биринчи орунду ээледи

30.09.2022 14:23
671
ИИМдин кинологиялык борборунун кызматкерлери  көп түрдүүлүк боюнча мелдеште биринчи орунду ээледи



2022-жылдын 29-сентябрында КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Окуу-адистештирилген бажысынын базасында Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволрунун кинологиялык бөлүктөрүнүн алгачкы көп түрдүүлүк боюнча мелдештеринин биринчилигин жабуу аземи өткөрүлгөн.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Иш-чара ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин колдоосу алдында өткөрүлгөн.


Аталган мелдешке Мамлекеттик бажы кызматынын, КР УКМКнын Чек ара кызматынын, КРнын Ички иштер министрлигинин, КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кинологиялык бөлүктөрүнүн кызматкерлери катышкан.

ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин элчиси А. Рогов куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөп, кинологиялык бөлүктөрүнүн алгачкы көп түрдүүлүк боюнча биринчи мелдештеринин ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, кызматтык иттердин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүдөгү маанилүү ролун жана ушуга окшогон мелдештер кинологиялык бөлүктөрдүн кесиптик чеберчилигин жакшыртууга жардам берерин белгилеген. 


Мелдештин жыйынтыгы боюнча КР ИИМдин БМЖКККнын Кинологиялык борборунун: капитаны милициянын майору Ш. Кулманбетов, курамы: милициянын майору К. Купешов, милициянын капитаны А. Абышов, милициянын улук лейтенанты Нурбек уулу М. болгон командасы 1-орунду алышкан. Мындан тышкары, милициянын капитаны А. Абышов «Бади» каймана аттагы кызматтык ити менен “Имараттын ичинде баңгизаттарды издөө”, “Жүк ташуучу автоунаада баңгизаттарды издөө” номинациялары боюнча жеке зачетто көп упай топтогондугу үчүн 1-орунду алган.

Номанаицялар боюнча байгелүү орундарды алган башка командалар кубоктор жана медалдар менен сыйланышкан.


Эскерте кетсек, мелдеш 26-сентябрда башталган, таймаш төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлгөн:

1. «Баңгизаттарды багаждан издөө»;

2. «Баңгизаттарды жүк ташуучу транспорттон издөө»;

3. «Баңгизаттарды жеңил унаадан издөө»;

4. «Угуп калуусу»;

5. «Имараттын ичинде баңгизаттарды издөө».



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн