Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 21:37
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

ИИМдин кызматкерлери Ысык-Көлгө чөгүп бара жаткан эже-сиңдини куткарып калды

08.08.2022 14:39
463
ИИМдин кызматкерлери Ысык-Көлгө чөгүп бара жаткан эже-сиңдини куткарып калды

6-августта Ысык-Кѳл облусундагы "Алтын-Кѳл" пансионатында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери сууга чөгүп бараткан эже-сиңдилерди куткарып калышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Жалил уулу Шамил жана Искендеров Темирлан сууга чѳгүп бараткан Бишкек шаарынын тургундары 32 жаштагы Г.Б жана 27 жаштагы М.Б аттуу эже-сиңдилерди куткарып калышкан.


"Кѳл жээгинде эс алып жаткан бир туугандын бирѳѳсү сууга чѳгүп, аны куткарганы барган эжеси дагы чѳгүп жатканын кызматкерлер байкап калып, ыкчамдуулук менен аракет көрүшүп, аларды аман-эсен куткарып калышкан. Ѳз убагында ыкчам жардам кѳргѳзүп сууга чѳгүүдѳн куткарып калган милиция кызматкерлерине бир-туугандар ыраазычылык билдиришкен", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн