Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМдин кызматкерлери чек арада жашаган үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратты

02.03.2022 17:29
408
ИИМдин кызматкерлери чек арада жашаган үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратты

ИИМдин кызматкерлери Баткенде жарандар менен жолугуп, ата-эне менен баланын укуктары менен милдеттерин түшүндүрүүдө. Бул тууралуу  Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Баткен облусуна болгон иш-сапардын алкагында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Баткен районундагы мамлекеттик чек арага чектеш айылдарында жайгашкан мектептерде ата-энелер жана окуучулар менен жолугушту. Бул жолугушуунун негизги максаты үй-бүлөлүк зомбулукту, мектептерде топтошуп окучуулардын мушташууларын, рекетчиликти алдын алуу. Ошондой эле кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу үчүн балдардын укугу менен милдеттери тууралуу маек курулуп, Интернет тармагындагы оюндардын, фильмдердин терс таасирлери, ата-энелер менен балдардын ортосундагы мамилелер жөнүндө кеңештер айтылып, берилген суроолорго жооптор берилди. 


Чек арага чектешкен айылдардагы жергиликтүү тургундар менен дагы жолугушуу уюштурулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үйлөрүнө барып, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери өздөрүнүн каражаттарына алып келишкен азык-түлүк салынган баштыктарды тапшырышты. Бул үй-бүлөлөр мындан кийин дагы милиция кызматкерлери тарабынан жардам берүү максатында көзөмөлдө болоору айтылды. Мында элдин көйгөйлөрү дагы угулуп, милиция кызматкерлери көзөмөлүнө алды.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн