2020-жылдын 26-ноябрь күнү Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлүп жаткан рейд иш-чарасы учурунда Ысык-Ата районунун аймагындагы көзөмөл өткөрмө жыйынын биринен “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү эки автоунаа тиешелүү документтерин текшерүү максатында токтотулуп, бирок алар кызматкердин талабына баш ийбей качууга аракет кылышкан. Кызматкер аркасынан жетип токтоткон учурда автоунаадагы адамдар кызматкерге каршылык көргөзүп, ага күч колдонуу учурунда кызматкер табелдик куралынан абага ок чыгарып, эскертүү иретинде куралын колдонгон. Бул тууралуу
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) боюнча катталып, окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу чыгышкан.
Жүргүзүлгөн териштирүү иштери учурунда автоунаалардын биринин айдоочусу аныкталып, ал 23 жаштагы М.М. аттуу жаран экендиги такталган. Андан сырткары милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы автоунаа унаа токтотуучу айып жайына токтотулуп, тергөө кызматы автоунаадан скотч менен оролгон буюмдарды табышкан.
Бул окуя боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан экинчи автоунааны аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн