Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:37
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ИИМдин кызматкерлеринин камалышы. Кайсы жетекчилер кызматтан алынды?

19.08.2023 13:45
488
ИИМдин кызматкерлеринин камалышы. Кайсы жетекчилер кызматтан алынды?


Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөө иштери аяктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.


Бүгүн Ички иштер министрлигинде ИИМдин Коллегиясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин кармалышы тууралуу кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы талкууланды.

Жыйынтыгында 18 жетекчи тартиптик жазага тартылды. Алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду. Калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулду.

Ички иштер министрлигинин коллегиясынын кезексиз жыйынынын жыйынтыгында төмөндөгүлөр ээлеген кызматынан бошотулду:


- Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Нойгобаев;


- анын ыкчам иштер боюнча орун басары Кылычбек Жолдошев;


- Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын башчысы Мухтарбек Токтогулов;


- Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын башчысы Азамат Имангазиев.


Мындан тышкары, ар кандай тартиптик жазалар алынган:


- Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 5 башчысы;


- Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын башкаруу курамынын 3 кызматкери;


- Чүй облусунун ИИБнын башкаруу курамынын 4 кызматкери.


Эскерте кетсек, күн мурун УКМК Бишкек шаарында синтетикалык баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген милиция кызматкерлеринин тобу кармалгандыгын маалымдаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн