Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу күч структураларынан билдиришти.
Алардын айтымында, Ногойбаев Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын беш кызматкеринин кармалышына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.
Ошондой эле, алдын ала маалыматтар боюнча, борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары ээлеген кызматынан бошотулду. Айрым маалыматтарга караганда, ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.
Эске салсак, буга чейин Бишкекте УКМК Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын беш кызматкерин кармаган. Алар синтетикалык баңги затын жеке керектөө үчүн сатып алган адамдарды системалуу түрдө опузалап акча талап кылган деп шектелүүдө. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн