Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:22
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ИИМдин кызматтык унаада спирт ичимдиктерин ичип жүргөн кызматкерлери жумуштан алынды

04.10.2023 17:25
273
ИИМдин кызматтык унаада спирт ичимдиктерин ичип жүргөн кызматкерлери жумуштан алынды


Кызматкерлердин ичкилик ичип алып кызматтык унаада жүрүшкөндүгү  боюнча кызматтык иликтөө ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп, Ыссык-Көл ОИИБдин МКККнын туристтик - экологиялык взводдун
эки кызматкери: милициянын подполковниги М.Т. жана милициянын улук лейтенанты Н.у.А.  ички иштер органдарынын катарынан чыгаруу чечими кабыл алынды, деп билдирди аталган мекеменин басма сөз катчысы.

Мындан тышкары, кол алдындагы кызматкерлердин ишине көзөмөл жана көзөмөлдүн жетишсиздиги үчүн туристтик - экологиялык взводдун командири милициянын подполковниги М.Н. ээлеген кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жана Тоң районунун ички иштер башкармалыгынын бир катар алдыңкы жетекчилери катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда кызматтык унаада спирт ичимдиктерин ичип жүргөн ИИМдин бир нече кызматкерлери чагылдырылган видео тараган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн