Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМдин өкүлдөрү Афганистандагы баңгизатка байланыштуу кырдаал боюнча эл аралык иш-чарага катышты

21.12.2021 16:59
572
ИИМдин өкүлдөрү Афганистандагы баңгизатка байланыштуу кырдаал боюнча эл аралык иш-чарага катышты

ИИМдин кызматкерлери Афганистан жана анын коңшу мамлекеттери үчүн 2022-2025-жылдарга карата аймактык программасынын 3-фазасын баштоо иш-чарасына катышышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Москва шаарында Эл аралык соода борборунда Париж Пактынын эксперттер тобунун Афганистандын аймагынан чыгуучу баңгилик коркунучтар менен күрөшүүдө чек аралык кызматташууну бекемдөө тематикасы боюнча Жумушчу жолугушуусу өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын начальниги Уланбек Султанов жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы катышты.


Аталган иш-чарага 31 мамлекеттин жана 14 эл аралык, аймактык уюмдардын, анын ичинен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынан (БКБ), ШКУдан, ЖККУдан, КМШдан, БАРМКБнын, ЕАМдан 150дөн ашуун делегаттар катышкан. 


 Отурумда Уланбек Султанов өлкөдөгү баңгилик кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча жетишкен жыйынтыктар тууралуу айтып, татаал тоолуу шарттарда учкучсуз учуучу аппараттарды киргизүү тажрыйбалары менен бөлүшкөн.

Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар Афганистандагы баңгилик кырдаалга берген баалары, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүдөгү жана баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча кадрларды даярдоодогу аракеттери, практикалык колдонмолор менен бөлүшүшкөн.

Ошондой эле, ал баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча билимдерин өркүндөтүп турууга квалификациялык кызматкерлерди даярдоо маанилүү экендигин белгиледи. 

Кыргыз Республикасынын делегациясы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө учкучсуз учуучу аппараттарды киргизүү жана КР ИИМдин Баңгизатарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы үчүн кадрларды даярдоо аракети тууралуу баяндама менен чыгып сүйлөдү. 

Париж пактысынын эксперттик жолугушуусунун «талаасында» БКБнын Афганистан жана анын коңшу мамлекеттери үчүн 2022-2025-жылдарга карата аймактык программасынын 3-фазасын башталышына карата салтанаттуу аземи өткөрүлгөн.  

БУУ БКБнын жаңыланган аймактык программасы түйүндүк өкмөттүк өнөктөштөрдөн жана катышуучу мамлекеттерден, анын ичинен Кыргыз Республикасынан алынган кеңири кеңештердин, сунуштардын негизинде иштелип чыккан.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн