Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:14
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ичи тардык – бул ууну өзүң ичип, бирөө өлүшүн күткөндөй эле нерсе

17.08.2023 18:11
445
Ичи тардык – бул ууну өзүң ичип, бирөө өлүшүн күткөндөй эле нерсе


Ичи тардык чымынга окшош: адамдын соо жерине конбой, жарасы бар жерине конот.

(Артур Чепмен)


Ичи тар адам “бирөөгө жамандык кылам” дейт, бирок өзү кыйналат.

(Уильям Пенн)


Ичи тардык адамды тирүүлөй жеп салганга жөндөмдүү.

(Фиби Фокс)


Ичи тардык - жандүйнөнүн сарык оорусу.

(Джон Драйден)


Ичи тарды эң кыйнаган нерсе – ага эч ким көз артпаганы жакшы.

(Роже Мартен дю Гар)


Ичи тар кишилер өлөт, бирок ичи тардык өлбөйт.

(Жан-Батист Мольер)


Башкаларда бар нерсеге кайдыгер болуу – эң чоң бакыт. 

(Али ибн Абу Талиб)


Бака канчалык жанталашпасын, ханыша боло албайт.

(Михаил Мамчич)


Ичи тардык – ачкөздүктүн кошунасы.

(Михаил Гуцериев)


Атак-даңктын баары эле кооптуу: жакшы атак ичи тардыкты пайда кылса, жаман атак шермендечиликти алып келет. 

(Томас Фулер)


Адамдын жандүйнөсүндө ичи тардык канчалык көп болсо, тили ошончолук заар болот.

(Джулиана Вильсон)


Мен кызганычты жаман көрөм, себеби, ал ичи тардыкка окшош.

(Николай Огарев)


Көлөкө жарыкты ээрчип жүргөн сыңары, ичи тардык да ийгиликти ээрчип жүрөт.

(Лидия Сейфулина)


Кызганыч өзүнүкү үчүн кыйналса, ичи тардык бирөөнүкү үчүн кыйналат.

(Владислав Гжегорчик)


Ичи тардык – жасакерликтин эң ачык формасы.

(Джон Коллинз)


Ичи тардык кыйгач карап, кыйшык күлөт.

(Принц Александр) 


Сынчы – бул ичи тардыгынын айынан жазуучу боло албай калган киши.

(Джулиана Вильсон)


Сени дайыма мактаган кишиден корк, себеби, жасакерлик ичи тардыктын эң биринчи чүмбөтү. 

(Белгисиз автор)


Эч нерсеге жөндөмсүз киши таланттууга караганда кыйла активдүү болот.

(Николай Пащенко)


Ичи тар адам өзүн душманын азапка салгандай азапка салат.

(Демокрит)


Ичи тардыкта демалыш күн деген болбойт.

(Ф.Бекон)


Сага көз артып атышкан болсо, анда жаман жашаган уят го...

(Геннадий Малкин)


Ишиң жүрүшпөсө жаман, башкалардын иши жүрүшүп атса, андан бешбетер жаман.

(Амброз Бирс)


Мурда мен бука менен пилдин күчүнө көз артсам, азыр жаштарга көз артчу болдум.

(Марк Туллий Цицерон)


Ийгиликке жеткен кишиге көз артпай эле койгула, балким, ошол ийгилиги анын түбүнө жетээр...

(Эдуард Севрус)


Эч качан пас адамдын кеңешин укпа: ичи тардык алардын жүрөгүндө.

(Мартин Андерсен-Нексе)


Куттуктоо – ичи тардыктын эң кооз формасы.

(Юлиан Тувим)


Ичи тардыктан оолак болоюн десең, өзүңдүн бактыңды жашырып, катып жүр.

(Питтак)


Келесоолуктун бир артыкчылыгы ушунда: ага эч ким сугун артып, ичи тардык кылбайт.

(Гарин-Михайловский)


Жөндөмдүү болсоң көз артышат, таланттуу болсоң зыян келтирип, гениалдуу болсоң өч алышат.

(Н.Паганини) 


Атүгүл бирөөнүн бактысыздыгына да көз арткандар бар.

(Валерий Афонченко)


Ал сага көз артып атабы? Мейли кыйнала берсин.

(Федор Радецкий)


Ичи тардыктын тили узун, бирок колу кыска.

(Леонид Сухоруков)


Ичи тардык – бул акырындап өсчү жек көрүү.

(Олег Кривченко)


Кандектин үргөнү менен акмактын сөккөнү сын эмес эле мактоо. 

(Антип Ушкин)


Өзүңдүн 32 тишиң турганда бирөөнүн алтын тиштерине суктанган келесоолук болот.

(Аврелий Марков)


Адамдын атак-даңкы өлгөндөн кийин башталат. Билесиңби эмне үчүн? Себеби, ичи тардык дене менен кошо жаралып, дене менен кошо өлөт.

(Франческо Петрарка)


Ичи тардык затвору бузук тапанча сымал, ал мээлеп жаткан кишинин колунда жарылып кетет.

(Остин О Мэлли)


Адамдар ичи тардыктан ракка караганда да көп өлөт.

(Джозеф П Кеннеди)


Ушак-айың, ичи тардык адамзатка согушка караганда да көбүрөөк зыян алып келди.

(Хизер Вульф)


Кошунаң сага көз артышын кааласаң, эрте жат да, эрте тур.

(Эмма Голдман)


Ичи тардык – бул ууну өзүң ичип, бирөө өлүшүн күткөндөй эле нерсе.

(Малаки Мак-Корд)


Шамал эң бийик чокуларды үйлөгөн сыяктуу ичи тардык да эң асыл адамдарга асылат.

(Овидий)


Ичи тардык ар дайым аудиторияга муктаж.

(Франческо Альберони)


Маңдайыбызга бырышты ичи тардык эмес, карылык салсын.

(Томас Браун)


Ичи тардык көп адамдын түбүнө жеткен, жетип атат, мындан ары да жете берет.

(Пифагор) 


Ичи тардыктын көзү калпычы. Анын уяты жок, ал сокур. 

(Эдита Мальчевская)


Жек көрүүгө корогон ар бир саат – сүйүүдөн уурдалган бир кылым.

(Л.Берне)


Азап тартпайын десең, ичи тар болбо.

(Унсур аль Маали)


Короз жанталаша кыкты тытып атты, калган канаттуулар болсо "чындап эле бермет дан таап алса биз эмне кылабыз?" деп кыжалат болуп карап турушту...

(Борис Андреев)


Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн