Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ички аскерлер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөр күнүн белгилешти (фото)

28.05.2021 16:31
1130
Ички аскерлер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөр күнүн белгилешти (фото)


Үстүбүздөгү жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка ылайык, салтанатту иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысынын орун басары-штаб башчысы полковник Дамир Алыбаев, Ички аскерлеринин өздүк курамы, ардагерлери жана өз ара аракеттенүү органдарынын өкүлдөрү катышышкан.


Өз сөзүндө полковник Д.Алыбаев Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери 1999-2000-жылдарда Чаткал, Баткен окуясында, ушул жылдын 28-29-апрелиндеги республикабыздын Баткен облусундагы куралдуу тирешүүсүндө өлкөнүн коопсуздугун сактоодо зор салымдарын кошушкан деп белгилеп өттү.


Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Иски аскерлеринин буйругу менен бир катар аскер кызматкерлер, ардагерлер жана коноктор грамота, төш белги жана баалуу белектер менен сыйланышты. 


Иш-чаранын соңунда катышуучуларга майрамдык концерт сунушталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн