Бугу 03, 2024
Убакыт: 22:53
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Таласка келди (фото)

17.03.2021 15:08
1744
Ички иштер министри Улан Ниязбеков Таласка келди (фото)

 

Бүгүн, 17-мартта ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков Талас облустук ички иштер башкармалыгына иш сапары менен келди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Иш-сапардын жүрүшүндө Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасын тапшырды. “Мерседес-Бенц-Спринтер” үлгүсүндөгү унааны министрликке коомдук жарандар демөөрчүлүк катары кызматтык колдонууга беришкен.


“Унаа жарандардын көйгөйлөрүн жеринен чечүү жана алардын кайрылууларына ыкчам аракет кылуу максатында берилүүдө. Калкты укуктук жактан коргоп, коомдук коопсуздукту сактоодо мындан дагы жакшы иштөөгө күч-аракеттерди жумшагыла. Ар бир кайрылууга обьективдүү текшерүү жүргүзүп, ыкчам чечүү керек", - деди министр.


Буга чейин Талас облусунун бардык райондоруна милициянын көчмө кабылдама унаасы берилип ишке киришкен. Аймактагы кылмыштуулук менен күрөшүүдө, алдын алууда жана социалдык абалды жакшыртууга аталган унаа өз кызматын ишке ашырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн