Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:23
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ички иштер министри чек арадагы абал боюнча Рамазон Хамро менен сүйлөштү

28.01.2022 10:02
939
Ички иштер министри чек арадагы абал боюнча Рамазон Хамро менен сүйлөштү

Улан Ниязбеков Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Хамро менен Баткендеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Кечээ, Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков өзүнүн тажикстандык кесиптеши Рахимзода Рамазон Хамро менен бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда Баткен облусундагы кырдаалды турукташтыруу, чек арага чектеш аймактарда коомдук тартипти калыбына келтирүү, ар кандай укук бузууларды болтурбоо, бирдиктүү күч-аракеттер менен жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана коомдук тартипти сактоону макмлекеттик деңгээлде көзөмөлдөө, андан сырткары Баткен жана Согди облустарынын ички иштер башкармалыктарынын кайгуул кызматтарын уюштуруу маселелерин талкуулашты. Тараптар ар бир жарандын укугун жана коопсуздугун коргоо маселелери боюнча пикирлери менен алмашышып, коомдук тартипти сактоо маселелери боюнча бирдиктүү чечимге келишти. 


 Андан сырткары, түнкү саат 01:00 чамасында чек арада Баткен ОИИБдин начальниги Мурат Боронов тажик тарап менен сүйлөшүүлөргө катышып, Согди облусунун ИИБнин начальниги Абдулло Навджувонов менен жолукту. Алар чек арага чектеш аймактардагы кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу боюнча маселелерди талкуулашты. Кечээки күндөн бери Баткен жана Согди облусунун чек арага чектеш аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бирдиктүү кайгулдоо иштерин жүргүзүшүүдө. 


 Азыркы учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной жергесинде кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Түн тынч өттү, кырсыктар орун алган жок, ыкчам кырдаал туруктуу.

 

Баткен ОИИБдин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат жана УКМКнын Чек ара кызматы, башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте кырдаалды көзөмөлдөөдө. Баткен ОИИБдин ЖКККБнын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Баткен районунун Таш-Тумшук, Ак-Сай, Дахма, Орто-Боз, Көк-Таш айылдарында кыргыз-таджик милиция кызматкерлеринен биргелешип түзүлгөн кайгуулдар жүрө баштады.

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен ОИИБдин өздүк курамынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын облус аймагындагы коомдук тартипти камсыздоо боюнча бардык аракеттерин кординациялоодо. 

 Азыркы учурда Баткен районунун Төрт-Көчө айылында Ош-Исфана жолдору ачык.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн