Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ички иштер министри кесиптештерин кесиптик майрамы менен куттуктады

30.10.2020 12:05
910
Ички иштер министри кесиптештерин кесиптик майрамы менен куттуктады


Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков кесиптик майрамга карата ички иштер органдарынын өздүк курамын куттуктап, кезектеги атайын наамдарды, ведомстволук сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын кызматкерлери 1-ноябрь күнү өздөрүнүн кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын милициясынын күнүн белгилешет. Бул майрам 1924-жылы 1-ноябрь күнү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунда милициянын түзүлгөндүгүн күнүнө байланыштуу, КРнын Ички иштер министрлигинин сунушу менен 1993-жылы бекитилген. Быйыл кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдыгы  белгиленүүдө.


Урматтуу кесиптештер, ардагерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Жарандардын бейпил жашоосу, өлкөнүн коопсуздугу, тынчтыгы, мыйзамдуулуктун өкүм сүрүшү үчүн кызматыңарды өтөөдөсүңөр. Сиздер жогорку сый-урматка татыктуусуңар.


Сиздер  күнүмдүк ишмердүүлүгүңүздөрдө мыйзамдуулукту сактап, жарандардын укуктарын коргоодосуздар. Өлкөдө орун алган социалдык-экономикалык, саясий шарттарда жоопкерчилик мындан дагы көбөйүүдө. Ошондуктан милицияда өз кесибин  сүйүп, ага жоопкерчилик жана абийир менен мамиле кылып, курч маселелерди тиешелүү деңгээлде жана өз убагында чечкен кесипкөйлөр иштөөдө. 


Урматтуу кесиптештер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап жатып, бекем ден соолук, ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалап кетмекчимин”, - деп Улан Ниязбеков куттуктады.

 

Андан соң, куттуктоо сөзү менен ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы чыкты.


Кесиптештер, сиздерди биздин кесиптик майрамыбыз менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Милиция кызматкерлеринин кызматы-бул биздин өлкөнүн  туруктуулугунун жана өнүгүүнүн, жарандардын коопсуз жашоосунун  кепилдиги. Биз баардыгыбыз таза иштеп, жүзүбүз жарык болсун. Бул майрам күнү барыңыздарга, үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, бейпилдик, тынч кызмат өтөөнү, Мекенге кызмат кылууда ийгиликтерди каалайм”, - деди ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев.


Ошондой эле, кызмат учурунда кызматтык милдеттерин аткарып жатып курман болгон милиция кызматкерлери дагы эскерилди. Салтанаттуу иш-чара бардык санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен өткөндүгүн белгилеп кетүү керек. Ушуга байланыштуу, куттуктоо үчүн кызматкерлердин бир бөлүгү катышты. Калган милиционерлер өз бөлүктөрдүндө майрамга карата сыйланышты.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн